03.10.2019 14:34

Искендер Матраимов «Азаттыктын» үстүнөн арызданды

Искендер Матраимов «Азаттыктын» үстүнөн арызданды

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов «Азаттыктын» үстүнөн арызданды. Бул туурасында Жалпыга маалымдоо каражаттарына жазылган дооматтарды кароо боюнча комиссиядан билдиришти. 

Маалыматка караганда, арыз Ошто «Азаттыктын» кабарчыларына Матраимовдун кишилери кол салды деген сөздөргө байланыштуу жазылган. Депутат арызында «Азаттык» радиосунун сайтынын орус тилиндеги баракчасында текст менен жазылган 11 материал, журналист Ыдырыс Исаков даярдаган 1 видеоматериал жарыяланганын белгилеген.

«12 материалдын ичинен он бири радионун өзүнүн көз карашын жана алардын позициясын колдогон же коргогон адамдарын пикирин чагылдырган», - деп жазган Матраимов.

Ошондой эле арызда, Ыдырыс Исаковдун Матраимовдордун жакындарынын бири менен телефондон сүйлөшүүсү тууралуу да эскертилип, кабарчынын «бул - чоң саясат» деп айтканына көңүл буруу өтүнүчү келтирилет.  

Өзүнүн арызында Искендер Матраимов төмөнкүлөрдү суранат:

  • Чатакты чагылдыруунун сапатына баа берүүнү; 
  • Кыргыз Республикасынын Журналисттердин этикалык кодекси боюнча текшерүү жүргүзүүнү;
  • Жарыяланган материалдарды талдоо үчүн тараптарды чакырууну;
  • Исаковдун телефондон сүйлөшүүсүнүн аныктыгын текшерүү үчүн көз карандысыз экспертиза түзүүнү.